Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Журналисттер арасында конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 2013-жылдын 20-февралында, “Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына” арналган иш чаралардын алкагында республиканын жалпыга маалымдоо каражаттары арасындагы өлкөбүздүн Кыргызстан элинин туруктуулугун жана толеранттуулугун, достугун, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого салым кошуп жаткан жарандары жөнүндөгү макалалардын мыкты топтомуна конкурстун жыйынтыктары чыгарылды.   

Конкурс Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан ПРООН менен биргелешип уюштурулган.

Курамына этностор аралык мамилелер тармагындагы эксперттер, тажрыйбалуу журналисттер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген конкурстук  комиссия төмөндөгүдөй чечим чыгарды:

“Жалпыга маалымдоо басылма каражаттарында кыргыз тилинде жарыяланган макалалардын циклы үчүн” сыйлыгы “Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы Айша Алиевага ыйгарылды.

“Жалпыга маалымдоо басылма каражаттарында орус тилинде жарыяланган макалалардын циклы үчүн” сыйлыгы “Слово Кыргызстана” гезитинин кабарчысы Кифаят Аскеровага ыйгарылды.

“Телеберүүдө мыкты репортаждардын жана программалардын циклы” үчүн сыйлыгы “Сары-Өзөн” телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Муратбек Жолукеевге ыйгарылды.

Жөнөтүлгөн материалдардын конкурстун тематикасына жана тандап алуунун негизги талаптарына туура келбегендигине байланыштуу комиссия  “Радиодо мыкты берүүлөрдүн циклы” жана “Маалымат порталындагы аналитикалык макалалардын мыкты циклы” номинацияларында биринчи сыйлыктарды  ыйгарган жок.

“Улуттар аралык ынтымакты жана толеранттуулукту чыңдоого салым кошууга умтулгандыгы үчүн” кызыктыруучу сыйлыктар менен төмөндөгүлөр сыйланды:

- Владимир Нарозя, украин тилиндеги “Достук” радио программасынын автору жана алып баруучусу;

- Баткен облусунун “Баткен таңы” облустук гезити (башкы редактору Адылбек Акматов);

- Фатима Машинхаева, дунгандардын коомдук бирикмесинин “Хуэймин бо” коомдук-саясый гезитинин башкы редактору;

- Нарынкүл Назаралиева, “Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси  Фарид Ниязов тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык  саясат бөлүмү

 

2013-жыл 20-февраль