Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет элдик Элчилерден Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын, Япониянын, Ирандын, Швейцариянын, Азербайжандын жана Өзбекстандын Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Салтанаттын жүрүшүндө мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы Кыргызстан региондук үч уюмда - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде, ЖККУда жана ШКУда төрагалык кыларын белгилеп өттү. “Кыргызстан бардык өнөктөштөрү менен конструктивдүү кызматташат жана өзүбүзгө алган милдеттерди натыйжалуу аткарат”, - деп айтты Президент.

Тажикстан менен кызматташтык жөнүндө кеп кылып жатып, Президент: “Кыргызстан коңшу республика менен достук мамилелерин жигердүү өнүктүрүүгө ынтызар”, - деп айтты. Ошол эле учурда топтолуп калган айрым маселелер чечилет деген ишенимин билдирди.

Япония менен мамилелерге токтолуп, мамлекет башчысы Япония менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелердин абалын канааттангандык менен белгиледи. Ал Японияга алдыда боло турган расмий сапар кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет деген  үмүтүн билдирди.

Иран менен кызматташтыкты белгилеп, Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Иран менен ар тараптуу, салт болуп калган конструктивдүү, баарыдан мурда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары да өөрчүтүүгө кызыкдар экендигин баса көрсөттү.

Президент өткөн жылы Бишкекте Швейцариянын элчилигинин ачылышы Швейцария Конфедерациясы менен эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө сезилерлик салым кошорун белгиледи. Ошол эле учурда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулат.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле өткөн жылы Азербайжанга расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдеги белгиленген пландар жүзөгө ашырыларын баса белгиледи.  

Өзбекстан менен кызматташуу боюнча Алмазбек Атамбаев мындай деп белгиледи: “Биз Өзбекстан Республикасын дос өлкө катары карайбыз. Эч ким, эч кандай билдирүүлөр Кыргызстан менен Өзбекстанды кагыштыра албайт. Биздин мамилелерибиз жакшы нукта өнүгөт деген үмүттөмүн”.

Сөзүнүн аягында Президент мындай деп белгиледи: “Сиздер менен бирге биз мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрө алабыз. Биздин өлкөбүз сиздердин өлкөлөр, анын үстүнө сиздердей дос элдер менен кызматташуу үчүн ачык. Сиздер өзүңүздөрдүн ардактуу жана жооптуу озуйпаңыздарды орундатууда кыргыз кесиптештериңер тарабынан толук түшүнүү жана колдоо таба аласыздар”.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынан  Ишеним грамоталары тапшырылды:

  1. Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Олим Собирович Рахимов;
  2. Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Такаюки Коикэ;
  3. Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Наджафи Хошруди;
  4. Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лоран Ги;
  5. Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идаят Худуш оглы Оруджев;
  6. Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рашидов Камил Каюмович.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 20-февраль