Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын мартында өткөрүлө турган отурумунун күн тартиби талкууланды.

Атап айтсак, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо маселелери, элдин биримдигин жана улуттар ортосундагы мамилелерди чыңдоо концепциясынын долбоору, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоо маселелери каралышы болжолдонууда.

“Быйылкы кыш Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси абдан курч экендигин көрсөттү. Андыктан биз өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана  энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жакшы ыргагыбыздан жазбашыбыз керек”, -деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчысы мындай деп баса белгиледи: “Кыргызстандын соңку тарыхы элдин биримдигин чыңдоо маселелери өлкө үчүн дайыма артыкчылыктуу болуп кала бериши керектигин далилдөөдө”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2013-жыл 21-февраль