Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти менен Премьер-министри өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү маселелерин талкуулады

Бүгүн, 2013-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда жыл башында Улуттук кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Стратегияда белгиленген милдеттерди өз убактысында ишке ашыруунун мааниси баса белгиленди.

Ошондой эле, Президент менен Премьер-министр жазгы талаа иштерине өз учурунда жана сапаттуу даярдык көрүү жана аны жакшы уюштуруу, селге каршы  иштерди жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 25-февраль