Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Японияга расмий сапар менен учуп келди

Бүгүн, 2013-жылдын 26-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Японияга расмий сапар менен Токио шаарына учуп келди

Эки күндүк расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын Императору Акихито жана Императрица Митико менен аудиенциясы, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ, ошондой эле Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушуусу болжолдонгон.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Синдзо Абэ биргелешкен билдирүүгө кол коюшат, ошондой эле башка эки тараптуу документтерге кол коюу да болжолдонууда.

Булардан тышкары, мамлекет башчысынын Япониянын негизги ЖМКларына интервьюсу болмокчу.

Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жаңы этабы болмокчу жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн жаңы келечектерди ачмакчы.

 

2013-жыл 26-февраль