Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Император Акихито менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 27-февралында, Японияга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Император Акихито жана Императрица Митико менен салтанаттуу жагдайда жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Император менен Императрица Кыргызстандын Президенти менен Биринчи айымын жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташуу мындан ары чыңдала берээрине ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери Япония тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

2013-жыл 27-февраль