Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Каныбек Иманалиев, Карганбек Самаков, Ыргал Кадыралиева, Нурбек Мурашев жана Азиз Суракматов катышышты.

Жолугушуунун жүрушүндө кызматташуунун ар түрдүү багыттагы маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Кыргызстанда жана Японияда парламенттик демократияны өнүктүрүү тажрыйбасы тууралуу кеп болду. “Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө Япониянын зор тажрыйбасын эске алсак, парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү эки тараптуу мамилелерге жакшы түрткү берет”, - деп белгиледи  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы демократияны өнүктүрүүдө жана ири экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстан мындан ары да Япония  колдоо көрсөтөөрүнө ишенээрин баса белгиледи.

Бүгүн расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуусу белгиленген.

 

2013-жыл 27-февраль