Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Японияда бир катар жолугушууларды өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Японияга расмий сапарынын жүрүшүндө бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Япония Парламентинин Төмөнкү палатасынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Катсуюки Каваи, "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагучи, JICA вице-президенти Киёши Кодера менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түрдүү багыттар боюнча кызматташуунун келечеги, тактап айтканда экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Саясый кызматташуу тууралуу айтып жатып, Алмазбек Атамбаев парламенттик демократия Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук  мамилелерди чыңдоонун негизи болуп саналаарын белгиледи.

 

2013-жыл 27-февраль