Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Биз эки элдин тең келечеги үчүн Япония менен мамилелерди чыңдайбыз”

Бүгүн, 2013-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту.

Жолугушууну ачып, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстан Япониянын маанилүү өнөктөшү экенин баса белгиледи. “Япония менен Кыргызстан демократия, эркиндик жана адам укуктары сыяктуу түптүү дөөлөттөрдү колдойт. Андыктан биз демократияны куруудагы Кыргызстандын күч-аракеттерин жогору баалайбыз”, - деп айтты Синдзо Абэ.

Япониянын Премьер-министри ошондой эле Кыргызстандын Президентинин Японияга расмий сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кошумча дем берерине үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирди жана бардык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанга достук мамилени сезгендигин белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык өнүгө берет деген үмүттөмүн. Биз Япония менен мамилелерибизди кастарлайбыз жана эки элдин тең келечеги үчүн бул мамилелерди мындан ары да чыңдай бермекчибиз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга сапарга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти менен Япониянын Премьер-министри “Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда достукту, өнөктөштүктү жана кызматташтыкты андан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө” кол коюшту жана басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты.

2013-жыл 27-февраль