Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга расмий сапары аяктады

Бүгүн, 2013-жылдын 1-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев NHK (“Эн-Эйч-Кей”) япондук алдынкы телерадиоберүү корпорациясына интервью бергенден кийин «Осака-Кансай» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына учуп кетти.

Буга чейин мамлекет башчысы Японияга жасаган сапардын алкагында коштоп жүргөн  Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген.

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Японияга жасаган расмий сапары аяктады.

 

2013-жыл 1-март