Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик туунун күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мекендештерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз мамлекетибиздин, эгемендиктин белгиси болгон Туубуздун күнүн белгилеп жатабыз.

Кылымдар бою дүйнөнүн нечен эли өз алдыча мамлекет  курсак деп аракеттенген. Бирок, көбү максатына жеткени менен кыйынчылыктарга, сыноолорго туруштук бере албай мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган.

Кудайдын буйругу менен эгемен Кыргызстаныбыз сакталып калды. Бул Жаратканыбыздын белеги, ата-бабаларыбыздын каарман эмгеги жана ыйык мурасы.

1992-жылдын 3-мартында Кыргызстандын мамлекеттик туусу алгачкы ирет желбиреп, эгемендүүлүктүн жолунда Кыргызстандын тушоосу кесилди.   

Элибиз үчүн бул жол жеңил болгон жок. Акыркы 20 жылда тапканыбыздан жоготконубуз көп болду. Кур намыстын, жоопкерсиздиктин, көрө албастыктын, ичи тарлыктын, өзүмчүлдүктүн айынан далай кыйынчылыктарга дуушар болдук. Көп убакытты текке кетирдик.  

Тарых бүгүнкү күндө бизге күчтүү, адилеттүү, эгемен өлкө курууга дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берип олтурат. Бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу ар бирибиздин ыйык милдетибиз. 

Бүгүн Кыргызстанга тынчтык жана бейпилдик керек. Ар бир кыргыз жараны улутуна, динине, туулган жерине карабастан Кыргызстанда тең укуктуу болуп, Мекени менен сыймыктангыдай кылууга тийишпиз.

Тынчтыкты жана бейпилдикти бузуу аракеттерине  биргелешип туруштук берүүбүз зарыл. Биз бирдиктүү эл, ынтымактуу журт болуп, өнүккөн, адилеттүү Кыргызстанды курууга тийишпиз.

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мекенибиздин ачык асманы алдында эгемендиктин, эркиндиктин, биримдиктин белгиси болгон туубуз элибизди  эмгекке, жаратмандыкка үндөп, түбөлүккө желбирей берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                  Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 2-март