Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанда бир гана диктатура – мыйзамдын диктатурасы орнотулууга тийиш”

Бүгүн, 2013-жылдын 4-мартында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Мамлекет башчысы жыйында сөз сүйлөдү.

Президенттин сүйлөгөн сөзүнүн тезистери:

“Урматтуу соттук реформа боюнча Кеңештин мүчөлөрү, эксперттик жумушчу топтордун мүчөлөрү!

Урматтуу меймандар жана чакырылгандар!

         Өткөн жылдын 8-августунда мен “Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгом.

Соттук реформанын негизги багыттарынын бири болуп сот адилеттигин жүргүзүү маселесине тике же кыйыр түрдө байланышкан азыр колдонуудагы администрациялык, жазык, процесстик мыйзамдарды өркүндөтүү саналат.

         Ушул милдетти жүзөгө ашыруу үчүн  укуктун тармактары боюнча адистешкен эксперттик жумушчу топтор түзүлгөн.

         Жумушчу топтордун мүчөлөрүнүн арасында – юридика илимине салым кошкон илимпоз-юристтер бар жана өз ишинде күн сайын биздин мыйзамдардын оң да, терс да жоболоруна туш болгон практик юристтер (судьялар, прокурорлор, адвокаттар, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү) бар, ошондой эле жумушчу топторго адам укуктарын коргоодо зор тажрыйбага ээ укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү да кирген.

         Бүгүн биз тийиштүү мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча иштерге старт беребиз. Ар бир жумушчу топто топтолгон эксперттик потенциал жыйынтыгында бизге коом азыр күтүп жаткан жана келечекте алар кабыл алына турган сот адилеттигинин механизмин иштетүүгө мүмкүндүк берет деп ишенгим келет. 

         Ошону менен бирге мен мамлекет башчысы жана соттук реформа боюнча Кеңештин төрагасы катары сот адилеттигин өркүндөтүүнүн орчундуу маселелери боюнча ой бөлүшкүм келет.

Сот адилеттиги коомдук пикирге жана коомдун турмушунун өзүнө таасир көрсөтө турган фактор болуп саналат.

Ошол эле учурда сот адилеттиги мүчүлүштүктөрү жана каталыктары менен өлкөнүн мыйзамдары менен аныкталган адилеттүүлүктүн бир түрүн гана “жүргүзгөн” абалда тургандыгын билебиз.

Бирок, образ (көз караш, пикир) катары орун алган адилеттүүлүк менен мыйзам үчүн соттор иш жүзүндө “жүргүзгөн” адилеттүүлүктүн бир түрүнүн ортосунда карама-каршылыктар бар, алар коомдо социалдык оорчулуктарды түзүп, ажырымдык, коомдун сот адилеттигинин институтуна ишенбөөчүлүк практикасына барып кошулат.         

Ошондуктан бүгүнкү күндө силердин алдыңарда турган башкы милдет – бул ар бир укук колдонуучуда акыры акыйкаттыкка, мыйзамдуу жана тиешелүү адилеттүүлүккө канааттануу сезими пайда болсун үчүн мыйзамдарда орун алган карама-каршылыктарды мүмкүн болушунча жоюу болуп саналат.

Бул максатка жетишүү мамлекеттин социалдык түзүлүшүнүн тууралыгынын сөзсүз далили болуп саналат. Кезегинде Аристотель “адилеттүүлүк түшүнүгү мамлекет жөнүндө түшүнүк менен байланыштуу...” экендигин белгилеген.

Мыйзам кандайдыр-бир катып калып жана муну менен сот адилеттигин андан ары өнүктүрүү үчүн бөгөт түзбөстөн, мезгил менен бирге арыштоого тийиш.

Мында мыйзамдарды өркүндөтүү максаттарынын бири болуп биздин мыйзамдарды эл аралык укук ченемдери жана адам укугу жагында эл аралык стандарттары менен шайкеш келтирүү саналат.

Мыйзамдарды андан ары сапаттык жактан жаңылоо жана өркүндөтүү боюнча иштер өзүнө төмөнкүдөй негизги этаптарды камтууга тийиш:

биринчи – сот адилеттиги маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын учурдагы абалына баа берүү, анын негизги көйгөйлөрүн жана карама-каршылыктарын табуу, мыйзамдарды өркүндөтүүнүн башка баштапкы позицияларын аныктоо;

экинчи – мыйзамдарды өркүндөтүүнүн учурдагы, негизги жана келечектүү багыттарын аныктоо жана аларды жүзөгө ашыруу.

Урматтуу эксперттик жумушчу топтордун мүчөлөрү!

Сот өндүрүшүндө орун алган терс көрүнүштөрдү жоюу, сот адилеттигин жүргүзүү үчүн дурус шарттарды түзүү максатында сотторду уюштуруу жана иштешин жөнгө салган мыйзамдарды андан ары өркүндөтүүнүн төмөнкүдөй негизги багыттарын кароону сунуш кылам:

  1. Адилеттик үчүн сотторго кайрылган жарандар жана башка адамдар үчүн сот адилеттигинин ачыктыгы жана түшүнүктүүлүгү.

Судьянын кызмат ордуна талапкерлер менен аңгемелешүү учурунда мен аларга: “Жарандарыбыздын сотторго нааразылыгы эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз” деген суроону көп бердим.  Судьялардын өздөрү мага судьялардын катарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен катар эле укуктун процесстик, ошондой эле материалдык ченемдерин түшүнө албагандыгы тараптардын нааразылыгын пайда кылып жатат деп айтышты. Ал түгүл судьянын мыйзамдуу чечими да күмөн санатат.

Ошондуктан биз судьялардын кароосу үчүн талааны кыскартуу жолу менен болсо да ченемдер менен жол-жоболордун бир түрдүүлүгүнө карай жана бардык тараптардын белгиленген эрежелерди кабыл алышына карай умтулууга тийишпиз.

Чыгарылган чечимдер юристтерге гана эмес, ошондой эле калктын кеңири катмарына түшүнүктүү болууга тийиш.

Соттордун ишинин ачыктыгын жана маалымдуулугун  камсыз кылуу максатында каралган иштердин саны жана сапаты боюнча маалыматтарды эске алуу менен соттук статистиканын ачыктыгын киргизүү талап кылынат.

  1. Сот адилеттигинин сапатын, оперативдүүлүгүн, жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу.

Сот өндүрүшүнүн жол-жоболору кайра кароону жана мен жогоруда айтып кеткендей, кыйла ачыктыкты жана соттук териштирүүгө демилгечи болгон жарандардын жана юридикалык жактардын чыгымдарын азайтууну, соттук иштерди кароо мөөнөтүн кыскартууну камсыз кылуу жагына өзгөртүүнү талап кылат.

Сотко чейинки жана соттук өндүрүштүн жүрүшүндө бурмалоолорду жоюу үчүн  механизмдерди кароо маанилүү.

Сот адилеттиги органдарында автоматташтырылган  системаны киргизүү соттук иштерди жана талаштарды кароо мөөнөтүн кыскартууга, аяктабай калган иштерди жана документтер жоголгон учурлардын санын азайтууга, маалыматтарга оңой-олтоң жана тез арада жетишүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтө алат.

Айрым судьялар жол берген ыксыз создуктуруу кылмыш катары каралууга тийиш, анткени сот адилеттигинин кечиктирилиши андан баш тартууга барабар. 

3. Жазык жоопкерчилигин, анын чаралар системасын жана жазаларды дайындоо практикасын оптималдаштыруу.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда азыркы учурда эркиндигинен ажыратуу жерлерде 10 миңден ашык камактагылар жатат.

Эл аралык абактарды изилдөө Борборунун маалыматтары боюнча (2004-жыл) Кыргызстан калктын 100 миң кишисине камактагылардын саны 300дөн 500гө чейинки санды түзгөн өлкөлөрдүн (Эстония, Латвия, ТАР, Чили, Азербайжан, Украина менен катар) катарына кирет.

Салыштырсак, Кыргызстан абактагы калктын саны боюнча Бразилия, Австралия, Венесуэла, Мексика, Улуу Британия, Грузия, Португалия сыяктуу өлкөлөрдөн бир топ озот, анткени аларда калктын 100 миң кишисине камактагылардын саны 100дөн 150гө чейинкини түзөт.

Кыргызстан абактагы калктын санын кыскартууга далалат кылышы керек.

Укук коргоо органдарынын жана соттордун ишинде айып коюу ыңгайын жоюу, жапа тарткандардын укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүүнү киргизүү, өндүрүп алуулар жөнүндө соттук чечимдерди кыска мөөнөттө аткаруу зарыл.

Сот системасын өркүндөтүү боюнча Рекомендацияларда сунуш кылынгандай, биз өлкөдө калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин башкы механизмдеринин бири -  медиация институтун киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого тийишпиз.

Мисалы, Норвегияда калыбына келтирүүчү сот адилеттиги – бул жашоо ченеми. Калктын көп бөлүгү майда-барат жосундар үчүн  абакка камалбайт. Эгерде чатактын тараптары макулдашса, жазык иши жабылат. Өткөн жылы Норвегияда полиция тарабынан медиаторлорго 9000 учур өткөрүп берилген – болгондо да бул алардын абакта олтурган бардык калкы 3500 кишини түзгөндө болуп олтурат.

Бирок жазык мыйзамдарын гуманизациялоо жана декриминализациялоонун артынан түшпөй, агын ак, карасын кара деп иргеп алуу керек.

Кылмыш жасалган этапта сүйлөшүүлөр жөнүндө кеп да болбойт жана кылмыштуу контингенттин көбөйүп кетүү тобокелин азайтуу үчүн гана мыйзамды туу туткан жарандарды ушинтип таң калтыруу акылга сыйбайт. Анткени жосундарын кечүүгө болбой турган кылмышкерлер жана бир катар кылмыштар бар жана алардын кылмышты кайталоо тобокели алардын күнөөсүн моюнуна алышынан да кыйла ашып түшөт.

Балдарды өлтүргөндөр, аларды зордоп жана зомбулук көрсөткөндөр, массалык киши өлтүргүчтөр, жан кечти рецидивисттер жана сериялык маньяктар – мына ушул кылмышкерлердин бардыгы оңолуп кетиши да мүмкүн, тараптарды жараштыруу же аларды жеңил жазалоо менен да аларга кечирим берген менен, алар коом алдында өтө карыздар жана алар тараптан агрессиясынын кайра кайталануу тобокели өтө жогору.

   Мен кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн бардык негизги технологияларын бириктире ала турган укуктук система бир эле учурда өзүн өзү коргоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачууну (шарттуу түрдө  - АКШ), катаал жана натыйжалуу санкцияларды (Сингапур) жана кылмышкерлердин алдын алуу жана социалдык адаптациялоо усулун (Скандинавия) айкалыштыруу менен өлкөнүн коопсуздугу жагындагы алдыңкы укуктук системадан алдыга кетиши мүмкүн.

4. Сот чечимдерин аткарууну жана башка аткаруучу документтерди жакшыртуу.

Соттук коргоонун натыйжалуулугу бир кыйла деңгээлде мажбурлап аткартуучу органдар өз функцияларын канчалык ийгиликтүү аткара алышына жараша болот. Анткени өз укугун коргоочу адам декларативдүү эмес соттук чечимге же өздөрүнүн укуктарын бузуу фактысын констатациялоого эмес, аларды чыныгы коргоого муктаж.

Анткени дал ошол сот аткаруучулары жарандардын жана уюмдардын бузулган укуктарын коргоо иштерин аягына чыгарышат жана алардын натыйжалуу иштеринин өзгөчө маанисин айкындайт. Жүргүзүлгөн реформага карабастан аткаруу өндүрүш чөйрөсүндө иштер анча жакшырып кеткен жок. Соттук жана аткарууга берилген чечимдерди аткаруунун төмөндүгү башкы көйгөй бойдон калууда.

Ушуга байланыштуу сот чечимдерин аткарбоо үчүн жоопкерчиликтин таасирдүү механизмдерин киргизүү аркылуу сот чечимдерин аткаруу боюнча иштерди жакшыртуу керек. Бул жагынан мен сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны колдодум, ал сот бийлигинин бутагынын системасында сот аткаруучулары сыяктуу эле алардын иштей турган жерин аныктоо менен сот приставдар институтун киргизүүнү сунуш кылды. Сот чечимдеринин аткарылышы судьянын ишинин сапатын баалоо критерийи болуп калууга тийиш.

5. Соттордун кадрдык дараметин чыңдоо.

Бүгүнкү күндө менен сот реформасы болбой калды, Жогорку сотко эски кадрлар келип алышты жана кардиналдуу эч кандай өзгөрүү болгон жок деген пикирлерди угуп жатам. Бирок өзгөрүүлөр үчүн судьялар жүрүм-турумдун эң жогорку стандарттарын орнотууга умтулушу жана соттордун көз карандысыздыгын  бекемдөөгө жана аларды урматтап сыйлоого аракеттениши үчүн шарт түзүү керек. Ошону менен бирге судьялык өз алдынча башкаруу органы судьялардын укуктарын коргоо функцияларына гана артыкчылык берген көрүнүштү байкоодобуз, ал эми судьялык корпусту тазалоо боюнча эң маанилүү милдет жөнөкөй себептерден улам ишке ашпай жатат, бул айрым судьялардын жүр-нарылыгына алып келүүдө, анткени жазасыз калуу мыйзамсыздыкты жаратат.

Мен жарандык юридикалык жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тартип жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо жана аны Фемидага кызмат кылуучулар менен гана токтоп калбоо зарылдыгы тууралуу айтылгандарга макулмун. Мындай сунуштар 2012-жылдын март айындагы жалпы баарлашууда да айтылган. Судьялар адилетсиз чечимдерди кабыл алуу үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш, Конституцияда бекемделген соттордун көз карандысыздыгы жана отчет бербегендиги эч качан толук жазасыз калуу катары каралбашы керек.

Сот – бул мамлекеттик маанилүү институт, анда миңдеген адамдардын тагдыры турат. Соттук катачылыктарга жол бербөө, коррупцияга каршы күрөшүү өтө маанилүү

Кесипкөй эместик, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык ченемдерин бузуу – бул бир эле судья үчүн уят иш эмес, ал ошондой эле сот системасына, жалпы эле мамлекетке карата жарандардын ишенимин кетирүү.

Сот адилеттигинин деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле анын беделин  жогорулатуу сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруунун, судьялык кадрларды адептик жактан тарбиялоонун, алардын кесиптик маданиятын жогорулатуунун этикалык-укуктук башталышын күчөтүү болуп саналат, бул судьяларга талапкерлерди жана судьялардын өздөрүн системалык даярдоону болжолдойт. Сот чөйрөсүндө кадр саясатын өркүндөтүү жана судьялык корпуста коррупция фактыларын жоюу артыкчылыктуу болуп саналат.

6. Кыргызстан үчүн кыйноолорду толугу менен жоюу маселеси актуалдуу бойдон калууда.

Бүгүн биз жүргүзүлүп жаткан сот реформасына карабастан коомдо сот системасын али да болсо өтө начар жана өздөрүнүн эң башкы функциясын – бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү анча натыйжалуу эмес деген пикир бар экендигин моюнга алууга тийишпиз.

Мындан тышкары, өлкөдө иштеп жаткан айрым эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү инвесторлор сот системасын жана жалпы эле республиканын укуктук системасын алардын укуктарын коргоодо чектелген даражадагы система катары баалаша тургандыгын көрсөтөт.

Орун алган кемчиликтер адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү, инвесторлордун, ошондой эле ички жана тышкы инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо шайманы катары укуктук мамлекетти калыптандырууга багытталган күчтүү, кадыр-барктуу жана чыныгы көз карандысыз сот системасын түзүү үчүн адекваттуу ресурстарды бөлүүнү жана көптөгөн күч-аракеттерди талап кылат.

Жогоруда айтылгандарды жалпылоо менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот: реформа жарандарга карата сот системасынын мамилесин өзгөртүүгө тийиш – адамдар башкы критерий экендигин мыйзамдарда бекитүү, сот системасын карапайым жарандарга кыйла ачык, жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу керек.

Администрациялык, жазык жана процесстик мыйзамдарды либералдаштыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана сот реформасынын негизги багыттарынын талаптарына так ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

Мында мыйзамдарды гумандаштыруу жана либералдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу процессинин алдында анын мурдагы этаптарынын жыйынтыгын талдоо жана мамлекеттин кылмыштуулукка каршы туруу мүмкүндүгүнө гумандаштыруунун таасирине баа берүү керек.

Администрациялык жана жазык мыйзамдарын либералдаштыруу, колдонуудагы мыйзамдардын репрессивдүүлүгүн азайтуу механизмдери юридикалык жактан тең салмакталууга жана мыйзамдын, башкача айтканда мамлекеттин коргоо жана жөнгө салуу функцияларынын начарлашына жол бербөөгө тийиш.

Мындай жагдай адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын жазык-укуктук коргоонун колдонуудагы механизмдерин түзөтүүнү гана эмес, ошондой эле мамлекеттин мыйзамдуу таламдарын, конституциялык түзүлүштү жана улуттук коопсуздукту укуктук коргоонун зарылдыгын шарттайт.

Мамлекеттин бардык укук коргоо системасын реформалоонун орчундуу жагы жалпы укуктук принцип – жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин толук, сөзсүз түрдө дароо коргоо, бул жагындагы укук бузууларды четтетүү жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү мамлекеттин, анын бардык органдарынын жана кызмат адамдарынын милдети болуп калууга тийиш

Учурдан пайдаланып ушул жерде катышып отурган эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө сот реформасын биздин улуттук көрө билүүбүздү талкуулоого катышуусун сунуш кылгым келет. Ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топтордун ишин колдоого даяр экендигиңиздер үчүн чын дилден ыраазылык билдирем

Иштериңиздерге ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалайм.”

 

2013-жыл 4-март