Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президентке караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин эксперттик топтору Кыргызстандын мыйзамдарындагы “талуу жерлерди” аныкташты

Бүгүн, 2013-жылдын 4-мартында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын экинчи бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев алып барды. Анда эксперттик жумушчу топтору (ЭЖТ) өлкөдө сот тутумун өркүндөтүү үчүн талап кылынган зарыл мыйзамдык реформалар боюнча өз сунуштарын таанытышты.

Белгилей кетсек, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйругу менен 2013-жылдын 1-февралында түрдүү багыттар боюнча алты эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Алардын курамына адистер, мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле эл аралык уюмдардын, жарандык сектордун өкүлдөрү, практик жана окумуштуу юристтер киришкен.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (КжК) жана Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча топту юридика илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору Лейла Сыдыкова жетектеген.

Өз таанытымында ал, атап айтсак, Кыргызстанда жаңы Кылмыш-жаза кодексин кабыл алгандан бери 15 жыл өткөндүгүн, бул анын майнаптуу же майнапсыздыгына баа берүү үчүн жетиштүү мөөнөт экендигине токтолду. Эми өлкөнүн жазык мыйзамдарын өнүктүрүү зарылдыгы бышып жетилгендиги жөнүндө айтсак болот.

Дүйнөлүк практика жазык куугунтуктоосун күчөтүү сөз коркунучтуулук деңгээли чындап эле коркунуч жараткан, аларга карата жазалоо чараларын көрбөй коюуга болбой турган жосундар жөнүндө жүргөн учурларда гана акталарын көрсөтүп келет.

Ошол эле учурда ал бул жылдар ичинде Кыргызстандын КжКсына 300дөн ашык түзөтүүлөр жана өзгөртүүлөр киргизилгендигин (анда бардыгы 370 берене бар) белгиледи. 12 жылдын ичинде эле КжКга түзөтүүлөрдү жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келген 79 мыйзам кабыл алынган. Ошол эле учурда бул өзгөртүүлөр илимий жана криминологиялык жактан эч кандай негизделбеген.   

Топ ошондой эле өлкөдө анча оор эмес укук бузуулар үчүн жоопкерчилик  чечмеленип жазыла турган Жоруктар жөнүндө кодексти кабыл алуу мүмкүндүгүн кароону сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча юридика илимдеринин доктору Канатбек Сманалиев жетектеген эксперттик жумушчу топ ЖПК өлкө Конституциясына жана азыркы эл аралык ченемдерге жооп берүүгө тийиш деген ишенимде. Бул максаттар үчүн ЖПКнын жаңы редакциясын иштеп чыгуу керек. 

Эң башкысы кодексти колдонуунун бардык этаптарында күнөөлөөчү тараптын да, жабырлануучу тараптын да атаандашуучулугуна жана тең укуктуулугун сактоого жетишүү зарыл. 

Ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн аракеттерине арыздануу институтун иштеп чыгуу керек.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту юридика илимдеринин доктору, Кыргызстан эл аралык университетинин президенти Тилек Асаналиев жетектеген. Ал тактап айтканда, Кыргызстандын пенитенциардык тутуму терең кризисте экендигин белгиледи.

Аны реформалоо үчүн чоң жана тутумдуу каржы жана ресурстар талап кылынат. Топ азыр жазалардын абдан көп түрлөрү толук объективдүү себептер менен аларды колдонуу мүмкүндүгү жоктугунан улам иш жүзүндө чынында ишке ашырылбайт деп эсептейт. Баяндамачынын маалыматтары боюнча ЖАМК (жаза аткаруу) тутуму өз муктаждыктарынын төрттөн үчүнө гана каржыланат. Бул чоң коомдук коркунуч жаратат деп эсептешет эксперттер.  

Эгемендик жылдары ичинде Кыргызстанда бир дагы жаңы түрмө курулган эмес. Соттолгондор иш менен камсыз кылынган эмес, жатак-абактардагылар курсагын тойгузуу үчүн сыртта мажбур “качуу” абалында жүрүүгө муктаж. Жашы жете электер, соттолгон аялдар, чоң кишилер менен бирге кармалышат. Башка да толуп жаткан көйгөйлөр, суроолор бар, алардын бардыгына жооп табуу керек.

Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин (ЖПК) долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту КР Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева жетектеген. Ал өлкөдөгү жарандык сот өндүрүшүн өркүндөтүү зарылдыгы жөнүндө айтты. Бул болсо жалгыз эле ЖПК эмес, ошондой эле бүтүндөй бир катар: «Ипотека жөнүндө», «Күрөө жөнүндө», «Мамлекеттик төлөм жөнүндө» ж.б.д.у.с. мыйзамдарга тиешелүү.

Чынара Мусабекова өлкөнүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу жаатындагы айрым мыйзам актыларына түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду караган КР мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту жетектейт. “Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл, - деп белгиледи ал, - бирок бул чаралардын бардыгы судьялардын көз карандысыздык деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзбөөсү керек”.    

Сөз ошондой эле Президент буга өзгөчө көңүл бурган өлкөдөгү сот процессинин айкындуулугуна өбөлгө түзө турган шарттардын бири катары сот отурумдарын байланыш каражаттары менен жазып калтыруу жөнүндө да болду.

Сот чечимдеринин аткарылыш маселесин адвокат, ПРООНдун Кыргызстандагы долбоорлорунун эксперти Улан Сатаров жетектеген эксперттик жумушчу топ карады. Сот тутумунун бул чөйрөсүндөгү тартипке өлкөдөгү сот бийлигинин кадыр баркы, жарандардын мыйзамдын күчүнө жана адилеттикке болгон ишеними байланыштуу. Чечимди аткарууну кечиктирүү жаранды өз укуктарынын адилеттигин коргоо укугунан ажыратуу катары каралышы керек.

Эгемендик жылдары ичинде аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү бул мыйзамга болгону эки түзөтүү киргизилген.

Белгилей кетсек, ЭЖТ өз иштерин уланта берет жана үстүбүздөгү 2013-жылдын аягына карата өлкөбүздөгү сот тутумун өркүндөтүүгө тиешеси бар бардык мыйзам долбоорлору мезгилдин талаптарына жана Президенттин жетекчилиги менен Кыргызстанда жүрүп жаткан сот тутумун реформалоонун кечиктирилгистигине шайкеш келтирилиши керек. 

 

2013-жыл 4-март