Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 8 март - Аялдардын эл аралык аялдар күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 7-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев аялдарды 8 март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Ардактуу айымдар!

Дүйнөдө сиздер: апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз, кыздарыбыз, неберелерибиз бар болгон үчүн биздин жашообуз өзгөчө мааниге ээ.

Аялзат  - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.

Аялзаты Каныкейдин акылмандыгын, Жаңыл мырзанын каармандыгын, Курманжан датканын кайраттуулугун  боюна сиңирген. Тарыхыбыздын эң татаал учурларында сиздердин ишенимиңер, үмүтүңөр күчүбүзгө күч кошуп, элибизди  жаркын келечек үчүн күрөшүүгө шыктандырып келген. Жаратканыбыздын колдоосу жана аялзатыбыздын акылмандыгы, мээрими, жаратман эмгеги, жоопкерчилиги Кыргызстаныбызды көптөгөн сыноолордон сактап калды.

Бүгүнкү күндө элибиздин турмушу жеңил эмес. Аялдар эркектер менен тең катар турмуш түйшүгүн өз мойнуна алып, үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына кам көрүп жаткан учуру. Кудай буюрса, жакынкы жылдары урпактарыбыз сыймыктана турган өлкө курабыз. Сиздердин кайратмандыгыңар, чыдамкайлыгыңар, кеменгерлигиңер бул ыйык максатыбызга жетүүгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем.

Ардактуу айымдар!

Ушул жадыраган жаз күнү сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!  Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалайм!  Кыргызстаныбызда тынчтык жана бейпилчилик орноп, келечеги кең, өнүккөн өлкөгө айланалы!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев”

 

2013-жыл 7-март