Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы каралууда

Бүгүн, 2013-жылдын 6-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу этностор аралык жана конфециялар аралык өнүгүү боюнча Коомдук эксперттик кеңештин Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин жана этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоо концепциясынын долбоорун талкуулоого арналганкеңейтилген отуруму болуп өттү.

Отурумдун ишине этномаданият маселелери боюнча эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдардын жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын өкүлдөрү, ошондой эле кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү катышты.

Жолугушуунун катышуучулары аталган стратегиялык документтин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун баса белгилешти. КР Президентинин Аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен карым-катыш бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаеванын сөзү боюнча Концепция мамлекеттик бийлик органдары үчүн улуттук биримдикти улуттар аралык мамилелерди өркүндөтүү, маданий мурастарды жана өлкөнүн көп улуттуулугун сактоо аркылуу камсыз кылууну көздөгөн багыт болуп калууга тийиш.

Концепция долбоорун кароону Коргоо кеңешинин жакында өткөрүлө турган отурумунун күн тартибине киргизүү болжолдонууда.

Белгилей кетерибиз, Концепция долбоорун талкуулоо улантылууда, сунуштар менен пикирлерди etnika@adm.gov.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

2013-жыл 6-март