Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: «Бардык күч-аракетибизди жаратмандыкка багытташыбыз керек»

Бүгүн, 2013-жылдын 7-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы № 18 кесиптик лицейине барды жана окуучулар менен педагогикалык жамааттын алдында сөз сүйлөдү.

Президент өз сөзүнүн башында мындай деп белгиледи: “Мен окуу класстарын карап чыктым, жандүйнөм жаңыра түшкөнсүдү. Биздин жаштар – өлкөнүн келечеги! Кыргызстанда азыр 52 жогорку окуу жайы бар жана биз майнапсыздыгынан алардын санын кыскартуу зарыл экендигин моюнга алууга аргасызбыз”.

Бирок, Президент белгилегендей, жумушчу кесиптери ар дайым талап кылынат. Бүгүн Кыргызстанга жумушчу адамдар, иштермандар, өз ишинин чеберлери, реалдуу жана суроо-талапка жооп берген өнүмдү өз колу менен жарата алгандар керек.

Окуучуларга кайрылып, Президент алардын жакшы, керектүү адистиктерди тандап алгандыгын айтты. Мындай лицейлерден Бишкекте бешөө гана экени өкүнүчтүү. Кыргызстан бүгүн тилекке каршы, кесипке ээ болуп алып, жаш адамдар өзүнө иш таба албай жүрүшөт. Кыргызстан Бажы союзуна кирген кезде өлкө маанилүү инвестицияларды, анын ичинде тигүү тармагына, алат. Биздин тигүү продукциябыз сапаты боюнча КМШда алдыңкы орундарга чыкты.

“Кыргыз тикмечилеринин продукциясынын сапаты абдан жогору. Биздин тикме продукциябыз КМШ гана эмес, ошондой эле Европанын да рыногун жеңип ала алат”, - деп баса белгиледи Президент.

Ошол эле учурда адамдын башкы байлыгы ар дайым эмгек болуп келгенине жана ошондой бойдон кала берерине басым жасады.

“Адам үчүн эң башкы нерсе – бул эмгек. Адам өз эмгеги менен артына из калтырат. Бул жагынан силер мыкты  кесиптерди тандап алгансыңар. Анткени өз колуңар менен керектүү нерсе  жаратууга үйрөнүп жатасыңар”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент  № 18 кесиптик лицейдин педагогикалык жамаатына алардын ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучуларга кесип тартуулаганы үчүн өзгөчө ыраазылык билдирди. 

Алмазбек Атамбаев аялдарды келе жаткан 8-Март майрамы менен куттуктады. Бүгүн көйгөйлөрдүн негизги оорчулугу аялдардын назик ийнине түшкөндүгүн өкүнүч менен баса белгилеп кетти. “Эркектер кээде жылдап иштебей калышат, өздөрүнө иш таппай. Ал эми эне эч качан кол куушуруп олтуруп албайт. Ал эмгектенет. Адамзаттын өзү аялдар бар үчүн жашап келет. Аял - үйдүн куту. Ар бир үй-бүлөнүн бакыты, анын бакубат жашоосу аялзаттын колунда”, - деп баса белгиледи Президент. 

Мамлекет башчысы өлкөдөгү гендердик теңдештикке бийлик өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Эсептөө палатасынын жана Улуттук банктын башчылары – аялзатынын өкүлдөрү, өз ишинин дасыккандары, керемет айымдар экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы элибиз мыкты экендигин, ошон үчүн Кыргызстанды кең келечек күтүп тургандыгына ишенерин белгиледи.

“Биз бардык күч-аракетибизди талкалап, бузууга эмес, жаратмандыкка багытташыбыз керек!” – деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Ал жакында расмий сапар менен каттап келген Японияны мисалга тартты. “Япониянын табигый байлыгы жок, бирок дүйнөнүн эң бай өлкөсү болуп саналат. Япон эли иштей билгендиги үчүн өлкөсү алдынкы сапта келе жатат. Дүйнөнү өзгөрткүң келеби, өзүңдөн башта!” – деп, Президент учкул сөздү эскерте кетти. 

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Президент № 18 кесиптик лицейдин педагогикалык жамаатына түстүү телевизордун жана үн күчөткүч аппаратуранын сертификатын тапшырды.

 

2013-жыл 7-март