Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ алкагында өз ара кызматташуунун, иш-чаралардын приоритеттүү багыттары, анын ичинде  Кыргызстан төрагалык кылган май айына  болжолдонгон уюмдун саммитинин актуалдуу маселелери талкууланды.

Николай Бордюжа мамлекет башчысына  ЖККУнун катчылыгы мүчө-мамлекеттердин башчылары менен макулдашылган көрсөтмөлөрдү жүзөгө ашыруунун планы иштелип чыккандыгын маалымдады. Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин Төрагасы катары сунушталган планды бекитти.

Николай Бордюжа ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президенти, ЖККУ жамааттык коопсуздук Кеңешинин Төрагасы Алмазбек Атамбаевди 2013-жылдын 26 мартында “ЖККУ жана Борбордук Азияда коопсуздукту камсыз кылуу маселелери” темасында тегерек үстөл өткөрүлөөрүн маалымдады. Иш-чарага ЖККУ катчылыгынын өкүлдөрү, ЖККУкатышуучу-мамлекеттеринин саясат таануучулары катышаары күтүлүүдө.

 

2013-жыл 12-март