Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясынын президенти шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясынын президенти, Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда спорттун олимпиада түрлөрүн жана  олимпиадалык кыймылды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев шейх АхмадАль-Сабахты Кыргызстанда спорттун олимпиада түрлөрүн өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде шейх АхмадАль-Сабах Улуттук Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясы Кыргызстан командасынын спортчуларына олимпиадалык стипендиялардын санын көбөйтүү маселесин карай тургандыгын маалымдады. Учурда 2 кыргызстандык спортчу олимпиадалык стипендия алат.

Жолугушууга Кыргызстан Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жана шейх Дхари Аль-Сабах катышышты.

Маалымдама: Улуттук олимпиада комитеттеринин Ассоциациясы – учурда Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан таанылган 204  улуттук олимпиада комитетинин башын бириктирген эл аралык уюм. Африки, Америка, Азия, Европа жана Океания сыяктуу 5 контитенталдык ассоциацияга бөлүнөт.

 

2013-жыл 16-март