Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин отуруму болду

Бүгүн, 2013-жылдын 18-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму өттү.

Күн тартибинде эки маселе каралды:

  1. «Өлкө экономикасынын электр энергетикалык секторунун абалы жана мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө». Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Автандил  Калмамбетов.
  2. «Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы». Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева.

Отурумду ачып, Алмазбек Атамбаев мындай деп белгиледи: “Энергетикадагы, ирригациядагы, жол курулушундагы көйгөйлөр – бул аларга мамлекет катары биздин келечегибиз байланган маселелер. Ошондой эле, күн тартибиндеги экинчи маселе дагы – этностор ортосундагы ынтымак, элдин биримдиги – булар да ушундай эле маселелердин катарында турат”.

Президент азыр көптөр электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу маселесин олуттуу талкуулап жүрүшкөндүгүн, айрымдар бул жөнүндө абдан ынануу менен кеп кылышарын айтты. Мамлекет башчысына берилген маалыматтар боюнча Кыргызстандын энергия секторунда рентабелдүүлүк калкты тейлөөдө 112%ды, ал эми өнөр жай объектилерине карата 354%ды түзөт экен. “Рентабелдүүлүктүн мындай деңгээли жөнүндө азыркы бизнесте ал тургай кыялданышпайт... Бул жерде тарифтерди кайсы көтөрүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн?!” – деп суроо салды Президент.

Андан ары Мамлекет башчысы сөздү энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго ыйгарды. Ал катышып олтургандарды Кыргызстандагы электр энергиясын пайдалануудагы кырдаал менен тааныштырды жана энергия секторундагы жоготуулар көйгөйүн айтып берди. Ал 2012-жыл ичинде энергиянын жалпы жоготуулары 21%ды түзгөнүн белгиледи. Министр өткөн кышта да электр энергиясын авариялык өчүрүүлөр болгондугун белгилеп өттү.

Ошол эле учурда Автандил Калмамбетов 2015-жылы «Датка-Кемин» пайдаланууга берилгенден кийин гана энергетикадагы көп көйгөйлөр чечилерин баса белгиледи. Отурумда ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСи долбоору боюнча ишти улантуунун зарылдыгы жөнүндө маселе да сөз болду. Бул долбоор боюнча аны жүзөгө ашырууга мурда бөлүнүп берилген каржылык каражаттардын  пайдаланылышын текшерүү зарылдыгы белгиленди.

Президент өлкө энергетикасына кардиналдуу реформалар зарылдыгын баса белгиледи. Бул маселени талкуулоо учурунда тармактагы коррупция менен күрөштү күчөтүү зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Мамлекет башчысы мурдагы режим убагында иштелип чыккан коррупциялык схемалар азыр да ийгиликтүү колдонулуп жаткандыгына ишенет. Президент энергия секторун монополистке бириктирүү коррупция көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөрүнөн шек санарын билдирди. 

Бул темада ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова сөз сүйлөп, энергия секторунда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын шардана кылды. Ал өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан иликтөөнү талап кылган бир нече фактыны келтирди.

Камбар-Ата-1 долбоору жөнүндө сөз кылуу менен Мамлекет башчысы бул долбоор да Кыргызстан үчүн эле эмес, ошондой эле коңшу өлкөлөр үчүн да маанилүү экендигин белгиледи. Анткени ал жүзөгө ашса, өлкөбүз коңшу мамлекеттерди сугат мезгилинде Токтогул суу сактагычында топтолгон суу менен толук камсыз кыла алат. Азыркы жагдайда болсо республика коңшулардын айыл чарба муктаждыктарын кышында таптакыр электр энергиясыз калуу тобокелдигисиз чече албайт.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өз сөзүндө өлкөнүн Өкмөтү азыркы учурда өлкөдө электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу жөнүндө маселени карабастыгын баса белгиледи.

Биринчи маселени кароонун жыйынтыктары боюнча Коргоо кеңешинин катчылыгына Коргоо кеңешинин чечиминин долбоорун бүгүнкү отурумдун жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу тапшырылды.

Коргоо кеңешинин отурумунун күн тартибиндеги экинчи маселе «Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын» талкуулоо болду.

Бул маселе боюнча баяндамачынын сөзүн утурлай Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бул документ кыйла узакка ишетлгендигин, аны иштеп чыгууга эки жыл кеткендигин белгиледи.

“Бизди эл аралык уюмдар да, коомдук уюмдар да абдан шаштырганына карабастан, биз ага убакытты аяган жокпуз, - деп белгиледи Мамлекет башчысы. – Бул маселе абдан маанилүү жана бул көйгөйлөрдү чечүүдөн Кыргызстандын келечеги өзү көз каранды!”.  

Жыйналган тажрыйбанын бардыгын тыкыр иликтеп, өлкөнүн түштүгүндө 90- жана 2010-жылы болгон чатактын келип чыгышын изилдеп чыгууга туура келди. Ошондой эле чет өлкөлөрдүн ушуга окшогон кризистерди чечүүдөгү тажрыйбасын окуп үйрөндүк. Президент Кыргызстандын элинин биримдиги жана этностор аралык мамилелер маселеси өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында да камтылгандыгын эске салды.

“Биз кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүбүз керек”, - деп баса көрсөттү Президент.

Ал ЖМКлар Мамлекет башчысы кол койгон мыйзамды бурмалап коюшкан жакындагы эле мисалды келтирди. Киргизилген өзгөртүүлөр көбүнчө мамлекеттик тилди билген адамдар жашаган жана аларды орус тилине которууга өтө зарылдык жок жергиликтүү аймактарга гана мүмкүндүк берүүнү карайт.

Алмазбек Атамбаев кыргыз тили өлкөдө бардык этносторду бириктирүүчү жана өнүктүрүүчү өзөк болуусу керектигин өзгөчө баса белгиледи. “Орус тилин да биз өнүктүрөбүз, анткени буга биздин балдарыбыздын келечеги байланыштуу жана ал бизге керек. Улуттар аралык – орус, англис тилдери аркылуу гана биз дүйнөлүк илимди, маданиятты аңдап жана интеграциялана алабыз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев. Ал ошондой эле Ч.Айтматов да орус жана кыргыз тилдери жөнүндө “эки тил – эки канат” деп айткандыгын эске салды.

Президент ар бир жаран кыргыз, орус тилинен башка да БУУ кабыл алган эл аралык пикирлешүү тилдеринин бирин, мисалы англис тилин үйрөнүү мүмкүндүгү болуусуна умтулуу керек экендигин айтты.

“Муну жасабоого себеп издегендин ордуна мамлекеттик тилди биз кадам артынан кадам жасап үйрөнүүбүз керек. Бирок мен кыргызчаны билбегендиги үчүн адамдарды жазалоону талап кылган ура-патриоттордун турумуна таптакыр каршымын. Бирок эгерде биз мамлекеттик тилге, өз маданиятыбызга тиешелүү урмат менен мамиле кылбасак, өлкөдө кандай туруктуулук болуусу мүмкүн!” – деп белгиледи Мамлекет башчысы.     

Бул туруктуулук ар бир үй-бүлөдөн, ар бир үйдөн, ар бир көчөдөн башталат. Президент: “биз 2010-жылы түштүктө болгондогудай улуттар аралык чатактын кайталанышына жол бере албайбыз”,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнө «Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын» маңызын айтып берди. Ал Концепциянын азыркы вариантында бул маселе боюнча мурда иштелип чыккан документтердин бардык мыкты идеялары жана сунуштары эске алынгандыгын белгиледи. Документ бир нече маанилүү учурларды камтыйт. Мыйзамдык негиздерди өркүндөтүү маселелери, майнаптуу этностор аралык жана тил саясатына багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды жүзөгө ашыруу, жалпы улуттук бирдейлик маселелери.

Коргоо кеңешинин мүчөлөрү өз пикирлерин жана сунуштарын киргизишти. Жалпысынан алар бул концепциянын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилешти жана аны толуктап иштеп чыгууну жана кабыл алууну бир добуштан колдошту.

 

2013-жыл 18-март