Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президентинин дарегине Тажикстандын Президентинин Нооруз майрамына карата куттуктоосу келип түштү

Бүгүн, 2013-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун Нооруз майрамы менен куттуктоосу келип түштү.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сизди жана жалпы кыргыз элин Нооруз жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Навруз жер шаарындагы эң байыркы жана ардакталган майрамдардын бири болуп саналат жана төртүнчү жылы эл аралык деңгээлде майрамдалып келиши тегин жерден эмес. Бул жаркын майрамдын, байыркы бай маданий салттын баалуулугу ааламдын заманбап руханий-адеп-ахлактык көйгөйлөрдүн шарттарында айрыкча таасын көрүнөт.

Жалпы аракеттер менен биз бул эзелки достуктун жана эки тараптуу урматтоонун салттарын жаңы  мисалдар менен байытабыз деп ишенем.

Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, ден соолук жана мындан наркы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине – тынчтык жана гүлдөп өсүүнү каалайм.

Урматтоо менен,

Эмомали Рахмон”.

 

2013-жыл 20-март