Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Жаздын Навруз майрамына байланыштуу чын дилимен чыккан куттуктоомду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз.

Байыркы жана түбөлүк жаш Навруз жаратылыштын кайра жаралуусун жана жаңылануусун туюндуруп, өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин ортосунда достукту жана жакшы коңшулаштыкты чыңдоого көмөктөшүп, алардын боордоштугун жана жалпы тарыхын баса белгилейт.

Учурдан пайдаланып, мына ушул жаркын майрамда Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми  боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Өзбекстан Республикасынын Президенти                                 Ислам Каримов”

 

 

2013-жыл 20-март