Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевден Нооруз майрамы менен куттуктоо келип түштү.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

 “Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

         Байыркы тарыхый Новруз майрамы келгендигине байланыштуу жеке өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду кабыл алып коюңуз.

Новруздун келиши менен табият ойгонуп, адамдарга жаңы дем жана үмүт берет. Ошондой эле кеңири масштабда элдердин ортосунда тынчтык, тилектештик орнотуп, эки тараптуу ишеним менен колдоону салтанаттайт.  

Биздин элдерибиздин ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык мындан ары да өнүгүп жана чыңдала берерине, биздин күч-аракетибиз менен ырааттуу улана берерине ишенем.

Кубанычтуу майрамдык көз ирмемдерде жашап жатып, Сизге чың ден соолук, иштеги ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өсүүнү каалайм.

Урматтоом менен,

Ильхам Алиев”.

 

2013-жыл 20-март