Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевден Нооруз майрамы менен куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Казакстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бүткүл  Кыргызстандын элин бардыгыбызга жалпы болгон Нооруз майрамы менен чын дилимден  куттуктайм.

Ушул жаз  жыттанган жаркыраган Нооруз майрамы биздин элдерибизге жакшылык, бакыт-таалай, кубаныч жана мындан наркы өнүгүү алып келсин.

Жакшы жагдайдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович,  чың ден соолук, жемиштүү ишмердүүлүк жана бардык башталыштарынызга ийгилик, ал эми бир тууган Кыргызстан элине – тынчтык жана жаратмандык каалайм.

Эң жакшы каалоолор менен,

Нурсултан Назарбаев”

 

2013-жыл 20-март