Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев:“Биз ушул өлкөдө гана бактылуу боло алабыз!”

Бүгүн, 2013-жылдын 21-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Нооруз майрамына арналган салтанатка катышып, сөз сүйлөдү.

Президент оболу бала кезде Нооруз майрамын кереметтүү жомоктой күткөндүгүн эске салды. Сүмөлөк жейбиз деп апабыздын жанынан чыкпай, казанды айланчыктап, күтүп турганын эскерди.

“Көрсө ошол Нооруз күнүндө ата-апаларыбыздын, айылдаштарыбыздын биримдиги, ынтымагы, бири-бирине болгон аяр мамилеси бизде да майрамдык маанайды жаратып, жаңыланууга, тазаланууга үндөп турган экен”,- деди мамлекет башчысы. 

Ошону менен бирге эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп алышканын айтып өттү. Ноорузда бири-бирине жакшылыктарды, ийгиликтерди, бакыт-таалай каалашчу. Бүгүнкү күндө да элибиз Ноорузду жакшы турмушка чоң  үмүт артып, өлкөбүз жаңыланып, кайра жаралат деген ишеним менен тосуп жатышат. Бул күндөрү табиятыбыз кайра төрөлүп, талаалар менен тоолор жашыл килем жамынышат. Булактар бардык тоскоолдорду жеңип өтүп, күч топтойт да, шаркыраган дарыяларга айланат. Дарыялар талаалар менен өрөөндөргө мүрөктүн суусун жеткирет. Күч-кубат жана жашоо берет! Ушунун өзүндө мүмкүн, чоң маани жаткандыр. Жакшылык жана пайда алып келүү, Адам баласы мына ушундан өз жашоо-турмушунун маңызын көрүүгө тийиш!

“Күжүрмөн элибиз жаз камын көрүп, Кудайдан мол түшүмдү, тынчтыкты, ынтымакты, жакшылыкты тилеп турган учуру. Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун! Ноорузда биздин ата-бабаларыбыз бири-бирине бейпилдик жана жакшылык каалашчу. Алардын балдары жана неберелери бактылуу жашап, кайгы-капаны билбешин тилешчү. Эгерде биз бүгүн да, жүздөгөн, миңдеген жылдардан кийин ошол эле тилектерди тилеп олтурсак, демек ал ой-кыялдар канчалык тереңде! Ылайым Жараткан биздин максат-тилегибизди укса экен!”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы ошону менен катар өлкөнүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды дагы эске сала кетти. “Кайгылуу ноталарды дагы кошуп кетүүгө туура келип жатат. Тилекке каршы арабызда өлкөнү баш-аламандыкка чулгагысы келгендер дагы бар. Үсөн Кудайбергеновду, Раатбек Санатбаевди, Санжар Кадыралиевди, Руслан Шаботоевди, Геннадий Павлюкту, Медет Садыркуловду, Сергей Слепченкону өлтүргөндөй өлтүрүп, тоногусу келгендер жок эмес. Мекендештерибизди Аксыда, Бишкекте аянтта атып өлтүрүшкөн. Аларды орустун белгилүү лакабында айтылгандай, “бирөөнө согуш кайгы болсо, бирөөнө өз чөйрөсү”. Алар кузгундар сыяктуу кан самап турушат. Элдин кайгысынан, жаманчылыктан байып көнүп калышкан. Жалпы эл тарабынан шайланган Президент катары жалпы элдин атынан аларга “Тилегиңер таш капсын! - деп” айткым келет”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы биз эмне үчүн жашап жатканыбызды унутпашыбыз керектигин эске салды. “Биз капчыгыбызды толтуруш үчүн гана жашабайбыз. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги кандай болору - бизге, бардыгыбызга гана байланыштуу. Кыргызстандыктар жана Кыргызстан эч качан жакырчылыкта жашоого тийиш эмес. Буйруса биз гүлдөп өнүгөбүз. Биз ушул өлкөдө гана бактылуу боло алабыз! Бир кезде Мекенин аргасыздан таштап кеткендер азыр кайра артка кайрылып келсек деп жатышат. Биз жакшы шарттарды түзүп, өлкөнү гүлдөтүүгө тийишпиз. Биз бактылуу жашоого тийишпиз жана бактылуу жашайбыз!”, - деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы өнүгүү үчүн Кыргызстанда бардык шарттар бар экендигин белгиледи. “Аны үчүн бизге ынтымак жана биримдик гана керек. Биргелешип иштеш керек”, - деп сөз соңунда баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

 

2013-жыл 21-март