Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Али Сабанджини кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы, «Эсас Холдингдин» башкармалыгынын мүчөсү Али Сабанджини кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн ортосундагы авиакаттамдарды өнүктүрүү, ошондой эле «Манас» аэропортундагы эл аралык авиациялык хабды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Аңгемелешүүнүн башында Алмазбек Атамбаев «Pegasus Airlines» авиакомпаниясын «Стамбул - Бишкек - Стамбул» каттамын расмий ачкандыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Кыргызстанды 2013-2017-жылдардын мезгилине өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы «Манас» аэропортунда 2014-жылдан баштап, жүк ташуучу жүргүнчүлүк логистикалык борборду курууну болжолдорун белгиледи. Географиялык жайгашуусун эске алганда «Манас» аэропорту бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн зор мүмкүндүккө ээ. Атап айтсак, Президент бул үчүн быйылкы жылы аэропорттун авиациялык ишин жөнгө салууда, анын ичинде транзиттик авиакомпанияларга жеңилдик берүү,  транзиттик зоналарды жана жүк терминалдарын түзүү максатында, реформа боюнча иштер башталарын баса белгиледи.

Өз кезегинде Али Сабанджи авиакомпания кыргызстандыктарга жеткиликтүү баада авиаташуу кызматтарын көрсөтүп жаткандыгын жана мындан ары да көрсөтө берүү ниетинде экендигин белгиледи. Бул болсо ушул тармакта сергек атаандаштыктын өнүгүүсүнө салым кошмокчу.

Ошондой эле Али Сабанджи авиакомпания сапаттуу авиаташуу кызматтарын көрсөтүү жана Кыргызстан менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн ортосунда  авиакаттамдарды өнүктүрүү үчүн мүмкүн болгондун бардыгын жасарын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев жаңы «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын каттамдарын ачуу ири эл аралык жүк ташуучу жүргүнчүлүк борбор катары «Манас» эл аралык аэропортунун өнүгүүсүнө салым кошоруна үмүттөнгөндүгүн билдирди.

 

2013-жыл 22-март