Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинден ыраазычылык кат келди

Бүгүн, 2013-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинден аны кызматка шайланышына байланыштуу куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык кат келди.

Анда мындай деп айтылат:

 “Президент мырза,

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кызматына шайланышыма  байланыштуу мени куттуктагандыгыңыз үчүн Сизге чын жүрөктөн ыраазылык билдирүүгө руксат этиңиз.

Кытай менен Кыргызстан ымалалаш коңшу, чоң достор, жакшы өнөктөр болуп саналат. Кытайдын жаңы чакырылыштагы Өкмөтү мурдагыдай эле кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүүсүнө зор маани берет жана Кыргызстанда быйылкы жылы ШКУнун саммитин өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирет. Сиз менен жакын арада керемет шаар Бишкекте жолугушуу өткөрөбүз, ошондой эле эки өлкөнүн бардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын илгерилетүүнүн жаңы жолдорун биргелешип талкуулайбыз деген үмүттөмүн.

Сизге чың ден соолук, Сиздин ишмердигиңизге ийгиликтерди каалайм.

Дос Кыргызстанга гүлдөп-өсүүнү, ал эми анын элине бакубаттыкты каалайм.

Си Цзиньпин

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы”

 

2013-жыл 22-март