Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БУУдан Кыргызстанда мектепте тамак берүүнү колдоонун жаңы программасы

Бүгүн, 2013-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өлкөлүк директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинсти жана БУУнун БАП программасынын Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Надежда Франкты кабыл алды.

Меймандарга учурашып, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Д. Нарымбаев мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан БУУ БАПына программа тарабынан баа жеткис колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазылык билдирди. Мындай колдоо 2010-жылы өзгөчө баалуу болду. Анда өлкөнүн түштүгүндөгү чатак чыккан аймакта  550 миңден ашык кыргызстандык  БУУ БАПтан азык-түлүк алышты. Кыргызстан өз учурунда көрсөтүлгөн колдоону унутпайт жана БУУ БАПтын миссиясына ыраазы.

БУУ БАП биздин өлкөдө 2009-жылдан бери иштейт, программа Кыргызстанда иштеген биринчи эле жылы 600дөн ашык тургунубуз азык-түлүк колдоосун алышты.

Өз кезегинде, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өлкөлүк директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс Кыргызстандын мектептеринде тамак берүүнү колдоо жана өркүндөтүүнүн жаңы долбоорунун башталгандыгы жөнүндө БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын атынан расмий кат тапшырганы келгенин айтты. Программа 3,5 жылга эсептелген жана эки этапта өтөт. Анын биринчи этабы 18 айга созулуп, Кыргызстандын 250дөн ашык мектептеринде 25 миңден ашык окуучуну камтыйт. 

Мектепте тамак берүүнү өркүндөтүү долбоору Кыргызстандын элеттеги мектептеринин баштапкы класстарында бүт окуу жылы бою зарыл микроэлементтер менен байытылган түшкү ысык тамак берүүнү карайт. БАП долбоорунда мектеп ашканаларын өзгөртүп куруу, аларды заманбап жаңы жабдуулар менен жабдуу да каралган. БАП Кыргызстандын билим берүү жана илим, саламаттык сактоо министрликтери менен жигердүү кызматташат. Долбоорго Россиянын коомдук тамактануу институту да тартылган, ал окуучулардын тамактануусунун сапатын зарыл изилдөөнү жүргүзөт.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков да катышты.

 

2013-жыл 26-март