Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУ Башкы катчысынын Атайын өкүлү Мирослав Енчаны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  БУУ Башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУ Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык Борборунун Башчысы Мирослав Енчаны кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен БУУ Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык Борборунун ортосудагы мындан наркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Мирослав Енча позитивдүү жетишкендик катары 2010-жылдын июнь окуяларынан кийинки өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга жетишүү процессин белгиледи. “Мен Ошто болдум, элдердин тынч жашап жатканын көрдүм, 2010-жылдан бери чоң кадам жасалыптыр” - деди Мирослав Енча.

Алмазбек Атамбаев өлкөдө этностор аралык мамилелер маселелери менен алек болгон атайын ведомство – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиги түзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Мирослав Енча Кыргызстанда демократияны чыңдоо жана экономиканы өнүктүрүү үчүн негиз боло турган 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын, ошондой эле жакында Коргоо кеңешинде колдоого алынган Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын чоң маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы БУУнун Кыргызстанга ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: БУУ Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык Борбору диалогду жакшыртуу, ишенимди бекемдөө жана реалдуу өнөктөштүктү түзүү жолу менен чатактарды алдын алуу тармагында Борбор-Азия регионунда болгон коркунучтар жана потенциалдык көйгөйлөр менен иштешүүдө Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын өкмөттөрүнө көмөк көрсөтүү максатында иштейт.

 

2013-жыл 27-март