Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Биз сотту жана мыйзамды сыйлашыбыз керек. Сабырдуу болуп, соттун чечимин күтөлү”

Бүгүн, 2013-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Укук коргоочулар кеңешинин билдирүүсү менен таанышты. Укук коргоочулар 3-октябрдагы иш боюнча тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерге карата тынчсыздануусун билдиришкен.

Президент Алмазбек Атамбаев коомчулукта кызуу талкуу жараткан иштер боюнча бардык билдирүүлөрдү жана кайрылууларды кунт коюп карап чыгат жана мамлекеттик органдардан мыйзамдуулукту жана жарандардын укугун сактоону катуу талап кылат. 

“Биз сотту жана мыйзамды сыйлашыбыз керек. Сабырдуу болуп, соттун чечимин күтөлү. Сот 3-октябрдагы окуялардын бардык жагдайларын эске алып, анда катышкандардын иш-аракеттерине жана жүргүзүлгөн тергөөнүн сапатына баа берүүгө тийиш. Эгерде сот тергөөнүн жүрүшүндө катачылыктарды аныктаса, анда тиешелүү кызмат адамдары жазаланат”,- деп баса белгиледи Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев.  

 

2013-жыл 27-март