Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Бишкектеги Борборунун башчысы Сергей Капиносту кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Бишкектеги Борборунун башчысы Сергей Капиносту кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ЕККУ менен мындан аркы кызматташуусунун маселелери талкууланды.

Аңгемелешүүнүн башында мамлекет башчысы Сергей Капиносту анын Бишкектеги миссиясынын башталышы менен куттуктады.

“ЕККУ менен кызматташууну чыңдоого биздин үмүтүбүз чоң. Сиздер Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө мындан ары да жардамдашасыздар деп биз абдан үмүттөнөбүз. Биз демократиялык коомду курабыз”,-деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Сергей Капинос ЕККУ Кыргызстанга социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө жигердүү көмөк көрсөтүү ниети бар экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанда укук коргоо органдарын реформалоону колдоо программасынын ийгиликтүүлүгүн белгилеп, ЕККУда террористтерге каршы коопсуздукту камсыздоо боюнча долбоор бар экендигин кошумчалады.

Сергей Капинос бул кызматка 2012-жылдын октябрында дайындалган. Бул анын Кыргызстандын Президенти менен биринчи жолугушуусу.

 

2013-жыл 27-март