Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Мухтар Ауэзовдун фонду» коомдук фондунун президенти Мурат Ауэзовду кабыл алды

2013-жылдын 8-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мухтар Ауэзовдун фонду» коомдук фондунун президенти Мурат Мухтарович Ауэзовду кабыл алды.

“Мухтар Ауэзов кыргыздын «Манас» эпосун сактап калуу үчүн совет мезгилинде көп иш жасаган. Кыргыз эли муну эч качан унутпайт”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Мурат Ауэзов Бишкекте Мухтар Ауэзов атындагы көчө, мемориалдык такта, ошондой эле анын эстелиги бар экендигине кубанычта экендигин белгиледи.

Мурат Ауэзов максаты бир тууган эки элди руханий жакындатуу болуп саналган «Жибек жолундагы аңгемелешүүлөр» долбоорунун алкактарында Кыргызстандын чыгармачылык элитасынын өкүлдөрү менен кызматташууну каалагандыгын билдирди.

Мурат Ауэзов Кыргызстанга дүйнөлүк адабияттын классиги Мухтар Ауэзовдун жаркын элесине жана элдик оозеки чыгармачылыктын улуу туундусу, Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасынын өзөгү болгон «Манас» эпосунун ролуна жана маанисине арналган «Адамдардын жолу» фильминин таанытымынын алкагында келген. 

Жолугушууда ошондой эле «Ауэзовдун үйү» илимий-маданий борборунун директору Диар Кунаев да катышты.

 

2013-жыл 9-апрель