Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 10-апрелинде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондунун кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

Кристиан Беддис Президентке Кыргызстандын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Жолугушууда ошондой эле Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе катышты.

2013-жыл 10-апрель