Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча Башкы кеңештин отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2013-жылдын 10-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча Башкы кеңештин экинчи отурумуна катышты.

Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев Түркия Кыргызстандын ишенимдүү өнөгү болуп келгенин жана ошондой бойдон кала берерин белгиледи. Саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык маселелерде эки тараптуу кызматташтык мындан ары өнүгүп жана тереңдейт.

«Бүгүн Түркия, саясий-экономикалык, социалдык-маданий жана аскердик өнүгүүдө дүйнөлүк коомдоштук өлкөлөрүнүн ичинде татыктуу ордун ээлей алды. Түркиянын экономикасы акыркы он жылдыктагы туруктуу өнүгүүдөн улам жогорку көрсөткүчтөргө жетишти жана өлкөнү 16-орунга чыгарды»,- деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Түркия биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныгандыгын жана өлкө үчүн кыйын кезеңдерде токтоосуз жардамга келгендигин белгилөө менен көрсөткөн көмөгү үчүн Түркиянын Өкмөтүнө ыраазылык билдирди.

«Кыргызстанга 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредит жана 6 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант берүү жана 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды кечүү жөнүндө чечими үчүн Түркиянын Өкмөтүнө чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деди Президент.

«Эки жыл мурда Анкара шаарында түзүлгөн Стратегиялык кызматташуунун Башкы кеңеши эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө статусун жогорку деңгээлде күбөлөндүрөт. Башкы кеңештин бүгүнкү отуруму кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо жолундагы кезектеги кадам жана мамлекеттер ортосундагы диалогдун күбөсү болуп саналат», - деп баса көрсөттү Президент.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле өлкөлөрдүн мындан аркы күч-аракети колдо болгон потенциалды пайдаланууга жана мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин өз ара ыңгайлуу жана өз ара пайдалуу деңгээлге жеткирүүгө багытталууга тийиш экендигин белгиледи.

«Тарыхый жалпылыгыбыз, элдерибиздин ортосундагы бир туугандык сезимдер биздин Түркия Республикасы менен өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерибиздин кыйла интенсивдүү өнүгүүсүнө умтулуубузду шарттап турат. Башкы кеңештин бүгүнкү отуруму биздин өлкөлөрүбүздүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн реалдуу келечектерин белгилөөгө мүмкүндүк берген маанилүү этап болуп калат деген үмүттөмүн», - деп баса белгиледи сөзүнүн корутундусунда Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Түркиянын Премьер-министри Режеп Эрдоган жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирди жана Кыргызстандын Премьер-министри менен расмий жолугушуунун натыйжаларын жогору баалады.

«Биз бүгүн бир катар маанилүү макулдашууларга кол койдук. Бишкекке делегациянын курамында Түркиядан 100дөн ашуун бизнесмен келди. Алар жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу өткөрүштү, пикир алмашышты. Аларга көз жүгүртүп, мен Кыргызстанда жаңы мезгил башталгандыгын түшүндүм», - деп баса белгиледи Түркия Өкмөтүнүн башчысы.

Премьер-министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча Башкы кеңештин экинчи отуруму эки өлкөнүн мындан аркы мамилелеринин негизи болуп каларына ишенгендигин билдирди. «Мен биз туура жолдо экенибизге ишенем. Биз бир тууган Кыргызстанга жардамдашууга дайыма умтулабыз. Биз бир тууган Кыргызстандын көйгөйлөрү – бул биздин да көйгөйлөр деп эсептейбиз», - деп белгиледи ал.

Көмөк көрсөтүү маселесине кайрылганда, Түркия Кыргызстанды экономиканын ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде инженердик тармактагы да маанилүү маселелерди чечүүдө колдоо ниетинде экендиги белгиленди. «Мен 2017-жылга карата биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. АКШ долларына жеткиребиз деген үмүттөмүн. Биз Кыргызстанда ушундай зарылдык жана керектөө бар экендигин көрүп турабыз. Кыргызстан түркиялык тажрыйбадан көп нерсени алса болот. Ошондой эле биз да Кыргызстандан көп нерсени үйрөнө алабыз», - деп билдирди Премьер-министр.

Ошондой эле Түркиянын туризм, аскердик-техникалык кызматташтык, билим берүү, илим жана маданият чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүүгө ниети бар экендиги белгиленди. «Мында түрк маданият борбору ачылат. Бул Кыргызстандын Түркиянын маданиятын өнүктүрүүгө жана биздин эки тараптуу мамилелерибиздин тереңдешине кошкон татыктуу салымы болот. Мен биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө деп эсептейм», - деп баса белгиледи сөзүнүн корутундусунда Режеп Эрдоган.

 

2013-жыл 10-апрель