Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Түркия Премьер-министринин сапары мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн тереңдешине күчтүү дем берет”


Стратегиялык кызматташуу боюнча Башкы кеңештин экинчи отуруму аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын Премьер-министри Режеп Эрдоган ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарын жана келечегин аныктоо үчүн Башкы кеңешти өткөрүүнүн мааниcин баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев бул сапар мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн тереңдешине күчтүү дем берерин жана көптөгөн негизги тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү  үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачарын белгиледи.

“Бүгүнкү отурум ийгиликтүү болду жана толук өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Биз кыргыз-түрк кызматташтыгынын бардык маселелерин жана аны бардык багыттар боюнча мындан ары кеңейтүүнүн келечектерин талкуулай алдык”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Түркиянын Премьер-министри Режеп Эрдоган жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирди жана болуп өткөн сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн өз ара мамилелерин жаңы сапаттык деңгээлге көтөргөндүгүн баса белгиледи.

“Бүгүн түрк тарабы үчүн да, кыргыздар үчүн да өтө маанилүү күн болду. Ошондой эле ишкерлер үчүн да абдан маанилүү күн болду. Мен жыйынтыктарга ыраазымын. Башкы кеңешти өткөрүү эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө болуп калды”, - деп белгиледи Түркиянын Премьер-министри.  

Режеп Эрдоган  Түркия эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, туризм, билим берүү, илим жана маданият чөйрөсүндө кызматташууну улантууга ниеттенип жаткандыгын кошумчалады.

“Бүгүн Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 320 млн. АКШ долларын түзөт. Биз бул кичинекей көрсөткүч деп эсептейбиз. Биздин максат –  товар жүгүртүүнү 1 млрд. АКШ долларына жеткирүү. Түркия билим берүү чөйрөсүнө инвестициялоону улантат. Биз ошондой эле Кыргызстанда Юнус Эмре атындагы түрк маданият борборун ачууну болжолдоп, өкмөттүн колдоосун суранабыз”, - деп айтты Түркиянын Премьер-министри.

Режеп Эрдоган Түркиянын аскердик-техникалык чөйрөдө жана коопсуздукта, ошондой эле саламаттык сактоо тармагында кызматташууну улантуу ниети бар экендигин кошумчалады.

Андан ары Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын Премьер-министри Режеп Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

 

2013-жыл 10-апрель