Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 16-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Николай Бордюжа Президентке ЖККУнун туруктуу кеңешинин Кыргызстанда өтүп жаткан биринчи көчмө кеңеши жөнүндө маалымат берди. Атап айтсак, көчмө кеңештин кечээ Кант шаарындагы авиациялык базада өткөн биринчи күнү тууралуу кеңири маалымдады.

Жолугушууда ошондой эле ЖККУда Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алкагында өтө турган мындан аркы иш чаралар талкууланды.

2013-жыл 16-апрель