Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга каршы пикир жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы пикир жөнөттү.

Каршы пикирде мындай деп айтылат:

2013-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй каршы пикирлерим бар.

Кабыл алынган Мыйзамда депутатка өзүнүн добуш берүүгө укугун ишеним кат боюнча берүү укугун кароо бөлүгүндө “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Мыйзам менен кабыл алынган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келбейт, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын башка ченемдерине карама-каршы келет жана шайлоочулардын өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ишенимин кетириши мүмкүн.

1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
5-беренесинде жарандардын өз өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого укуктары белгиленген.

Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты аны шайлаган жарандардын өкүлү болуп саналуу менен алардын атынан мыйзам чыгаруу функциясын ишке ашырат.

Ишеним кат берүү аркылуу добуш берүү укугунун депутатка берилиши шайлоочуларды өлкөнүн мыйзам чыгаруу органында өз кызыкчылыктарын түздөн-түз билдирүүдөн ажыраткан шарттарды түзөт.

Өзүнүн добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүп берүү шайлоочулардын эрк билдирүүсүнүн жетиштүү түрдө сакталбагандыгы жөнүндө айтууга негиз болот: анткени жарандар депутатты шайлоо менен алар шайлабаган башка депутатка добуш берүүгө кошумча ыйгарым укук бербестен, бийликти жүргүзүүгө өз укугун өткөрүп берет. Ишеним кат боюнча добуш берүү элдин мамлекетти башкарууга катышууга эрк билдирүүсүнүн конституциялык принциптерине ылайык келбейт, бул өкүлчүлүктүү орган катары парламенттин табиятына карама-каршы келет, анда ар бир депутат шайлоочулардын таламдарын коргойт жана парламент кабыл алган чечимдер үчүн алардын алдында жооптуу.

2. Сунушталган өзгөртүүлөр эл шайлаган адамдардын парламенттин жыйналыштарына катышуусуна түрткү бербейт, анын кесепетинен депутаттардын өзүнүн негизги иши – мыйзам чыгаруу ишин аткарышын жакшыртуучу шарттар түзүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин
4-бөлүгүнө ылайык “Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат”.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
9-беренеси депутаттын Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышууга жана добуш берүүгө милдетин белгилейт.

Жогоруда аталган ченемдер депутаттын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан чечимдерди кабыл алууга жеке катышуу милдетин белгилейт жана мындай түзөтүүлөрдү кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын көрсөтүлгөн ченемдерине карама-каршы келет.

3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31, 32, 33- жана 37-беренелерине ылайык өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилине депутатка чоң көлөмдөгү социалдык кепилдиктер берилгендигин да белгилей кетүү керек, бул турак жай, кызматтык автотранспорт менен камсыз болуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун бардык түрлөрүн бекер пайдалануу укугу, байланыш каражаттарын пайдалангандыгы үчүн чыгымдардын мамлекеттик бюджеттин эсебинен ордун толтуруу, медициналык, санатория-курорттук жана турмуш-тиричилик жактан камсыз болуу менен билдирилген.

Депутаттарга социалдык кепилдиктер мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде жарандардын салыктык чегерүүлөрүнүн эсебинен түзүлүүчү каражаттардан берилээрин эске алганда, мындай түзөтүүлөрдү кабыл алуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуу үчүн шарттарды түзөт.

4. Андан тышкары, кабыл алынган өзгөртүүлөр ченем жаратуу техникасынын эрежелерине карама-каршы келет жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын башка ченемдерине шайкеш келбейт. Атап айтканда, депутаттын Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышууга милдеттүүлүгүн караган 41-беренеге жана жашыруун добуш берүүдө добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүн контролдоого болбой тургандыгын караган 1-беренеге туура келбейт.

5. Кабыл алынган түзөтүүлөр кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын сапатын арттырууга өбөлгө түзбөйт, анткени депутаттардын добуш берүү укугун пайдаланууда кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиги күчөйт. Анын айынан депутаттардын айрым топторунун мыйзам долбоорлорун өзүнчө бир топтун кызыкчылыгынын пайдасына илгерилетүү мүмкүндүгү жогорулайт.

6. Жогоруда айтылгандарга кошумча катары коомдун мамлекеттик бийлик институттарына жана жалпысынан мыйзамдарга ишеним көрсөтүү деңгээли төмөн бойдон калгандыгын көңүлгө алуу зарыл. Мындай түзөтүүлөрдү кабыл алуу кийинкиде өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органына ишенимдин төмөндөшүнө, кабыл алынган мыйзам долбоорунун легитимдүүлүгүнө жана легитимдүү эместигине күмөн саноого алып келиши мүмкүн, ал эми 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында калктын мыйзамга ишенимин арттыруу зарылдыгы тууралуу айтылган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесине сунушталып жаткан түзөтүүлөр максатка ылайыктуу эмес деп эсептейм жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2013-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарам.

2013-жыл 3-май