Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Индияда квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарда окууга конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссия Индия техникалык жана экономикалык кызматташтык программасы (ITEC) боюнча Индияга квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарында окууга конкурс жарыялайт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • курагы 25-45 жаш;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;
  • жогорку билим;
  • мамлекеттик, муниципалдык башкаруу органдарында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • англис тилин билүү.

Талапкерлер үчүн зарыл болгон документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын дарегине арыз (эркин формада);
  • фото сүрөтү бар анкета 3 нускада (CD дискте Microsoft Office Word форматындагы электрондук версиясын тиркөө менен электрондук форматта толтуруу);
  • жалпы жарандык паспорттун (чет өлкөлүк паспорт) көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • дипломдун көчүрмөсү.

Курстар, табыштаманын формасы, талапкерлер үчүн шарттар жөнүндө өтө так маалыматтар www.itec.mea.gov.inрасмий сайтында жайгашкан.

Техникалык багыттар боюнча курстар артыкчылыктуу болот.

Документтер

-         2013-жылдын июлунан сентябрына чейинки мезгилге пландаштырылган курстарга 2013-жылдын 19-майына чейин;

-    2013-жылдын октябрынан 2014 жылдын мартына чейинки мезгилге пландаштырылган курстарга 2013-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205, конвертте “Конкурс, ITEC Индия, кабинет №629” белгиси болууга тийиш.

Маалымат алуу телефону: + 996 312 63 87 37.

PDF фоорматындагы анкета >>>.

WORD форматындагы анкета >>>.

2013-жыл 4-май