Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Польшада стажировка өтүүгө конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссия 2013-жылдын 16-сентябрынан 13-декабрына чейин Польшанын парламенти тарабынан уюштурулган стажировкалар программасынан өтүүгө конкурс жарыялайт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • курагы 30 жашка чейин;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;
  • жогорку билим;
  • поляк тилин билүү.

Талапкерлер үчүн зарыл болгон документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын дарегине арыз (эркин формада);
  • формага ылайык менен толтурулган арыз;
  • анкета;
  • поляк тилин билгендигин далилдеген документ (поляк тилине которуу менен);
  • рекомендациалык кат (поляк тилине которуу менен);
  • медициналык маалымкат;
  • нотариус күбөлөндүргөн  жалпы жарандык паспорттун (чет өлкөлүк паспорт) көчүрмөсү жана 2 түстүү фото сүрөтү;
  • нотариус күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • дипломдун көчүрмөсү.

Кыйла кеңири маалыматты +996 312 69 02 43 телефону же konsulat@hkrp.kg электрондук почта аркылуу билсе болот.

Документтер 2013-жылдын 21-майына чейин  төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205, конвертте “Конкурс, Польша, кабинет №629” белгиси болууга тийиш.

Маалымат алуу телефону: + 996 312 63 87 37, + 996 312 63 91 81.

Анкета >>>.

2013-жыл 4-май