Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын Президенти Барак Обамага май куюучу самолеттун кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2013-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага Бишкектен анча алыс эмес жерде Транзиттик жүк ташуучу борбордун май куюучу самолетунун кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Тактап айтканда, көңүл айтууда мындай деп белгиленет:

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан борборубуз Бишкектен анча алыс эмес жерде Транзиттик жүк ташуучу борбордун май куюучу самолетунун кыйрашына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтууга руксат этиңиз.

Каза тапкан учкучтардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм”.

2013-жыл 6-май