Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоо  кабыл алыңыз.

Биздин элдерибиз биримдикте нацизмге каршы согушуп, эркиндикти жана көз карандысыздыкты, келечек муундардын тынчтыкта жашоо укугун коргоп калган. Биз аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигине терең таазим кылабыз. 1945-жылдын майындагы Жеңиштин, жалпы тарыхыбыздын каарман барактарынын жаркын элестери Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө мындан нары дагы бекем негиз болооруна ишенем.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан  куттуктоолорумду айтып, узак өмүр, чың ден соолук  жана бакубаттык каалап коюуңузду өтүнөм.

Урматтоо менен,

Владимир Путин”

2013-жыл 7-май