Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 7-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Президентке ведомствонун алдыдагы белгилеген орчундуу маселелери боюнча маалымат берди.

Султан Раев өлкө башчысына ведомство тарабынан мамлекеттин туристтик тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле министр кечээ, Ысык-Көлдүн жээгинде маданият, маалымат жана туризм министрлиги жыл сайын уюштурулчу кезектеги жарманкени ийгиликтүү өткөргөндүгүн маалымдады.

Өз кезегинде, Президент министрге Кыргызстандын музейлерин өнүктүрүү боюнча өзүнчө концепция иштеп чыгуу милдетин тапшырды.

 

2013-жыл 7-май