Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоо жибергениме курсантмын.

Ушул күнү өз өмүнүн баасы менен кан майданда жана оордукта талыкпас эмгеги менен жеңишке жеткирген чоң аталарыбыздын, аталарыбыздын эрдигине таазим кылабыз. Алардын эрдигининин жана майтарылбас эркинин аркасы менен биз ачык асман алдында жашап жатабыз. Тынчтык жана бейпил турмуш үчүн курман болгондордун элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма жашай берет.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, согуштун ардагерлерине жана оордуктун эмгекчилерине узак өмүр, чың ден соолук жана кажыбас кайрат кааларымды айтып коюуңузду өтүнөм.

Урматтоо менен,

Эмомали Рахмон”

 

2013-жыл 7-май