Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Украинанын Президенти Виктор Янукович Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Украинанын Президенти Виктор Януковчитен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин жылдыгына карата куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

9-Май – эрдиктин, каармандыктын, улуулуктун жана майтарылбас эрктин, жоокерлердин жана ооруктун эмгекчилеринин өлбөс-өчпөс эрдигинин символу.

Ар бирибизге ыйык болгон бул күнү фашизмге каршы катаал согушта Жеңишти түптөгөндөрдүн, өз өмүрүн аябай, бизге эркиндик, тынчтык жана акыйкаттык тартуулагандардын жаркын элесине тизе бүгүп, таазим этебиз.  Алардын улуу эрдиги тууралуу  эскерүү кийинки муундардын жүрөгүндө түбөлүккө жашап калат.

Украина элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык сезими жана урматтоо менен Кыргыз Республикасынын ардагерлерине чың ден соолук, жакшылык жана узак өмүр, ал эми дос Кыргызстандын элине – ачык асман, ийгилик жана жыргалчылык каалайм.

Урматтоо менен,

Виктор Янукович”

 

2013-жыл 7-май