Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Казакстан Республикасынын  Президенти Нурсултан Назарбаевден  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Жаркын майрам - Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68-жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Бизди согуштун чексиз көп курмандыктары тууралуу жалпы кайгы, Жеңиш күнүн жакындаткан фронтовиктердин тарыхый эрдиги  жана ооруктун эмгекчилери үчүн сыймыктануу сезими бириктирип турат.

Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда  ширелген казак-кыргыз достугу өлкөлөрүбүздүн ортосундагы  жакшы коңшулаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун бекем негизи, азыркы жана келечек муундар үчүн үлгү болуп калат  деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Кыргызстанда жашаган согуш ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине чың ден соолук,бакубатчылык жана узак өмүр, ал эми боордош кыргыз элине – тынчтык, жакшылык жана гүлдөп өнүгүү каалап кетейин.

Урматтоо менен,

Нурсултан Назарбаев”

2013-жыл 8-май