Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевди Президент Ислам Каримов Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовдон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Фашизмдин үстүнөн Улуу Жеңиштин 68-жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Жеңиштин жаркын күнүн жакындатып, кажыбас кайрат жана майышпас эркин көрсөтүп, өз өмүрүнүн баасы менен согуш талааларында тынчтыкты жана эркиндикти коргоп калгандар, оорукта талбай эмгектенгендердин кайраты, эрдиги жана каармандыгы жөнүндө эскерүү биздин жүрөгүбүздө  түбөлүккө сакталат.

Жагдайдан пайдаланып Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жан бардык жакшылыктарды, ал эми Кыргызстан элине - бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Ислам Каримов

Өзбекстан Республикасынын Президенти”

2013-жыл 8-май