Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата өзүмдүн чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жөнөтөм. Сиз дайыма чың ден соолукта, Сиздин өлкөңүздүн өнүгүү милдеттерин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күч-кайраттуу болушуңузду каалайм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Кыргызстандын баардык дос элине жакшы каалоолорумду, ден соолук, бакыт жана бакубатчылык кааларымды айтып коюуңузду өтүнөм.

Терең урматтоо менен,

Түркмөнстандын Президенти

Гурбангулы Бердымухамедов”

 

2013-жыл 8-май