Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевден Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сизди жана Кыргызстандын боордош элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ошол катаал жылдары элдерибизди ширелткен достук, өз ара ишеним жана колдоо мында ары дагы Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин гүлдөп өнүгүшү үчүн көп тараптуу өз ара кызматташууга бекем негиз болот деп ишенем.

Ушул унутулгус күнү, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге, согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине, бүтүндөй Кыргызстан элине  бакыт-таалай, ийгилик жана бакубатчылык каалайм.

Урматтоо менен,

Ильхам Алиев”

2013-жыл 8-май