Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкодон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Ушул даңазалуу күнү фашизмге каршы кан кечкен кармашта баатырларча эриш-аркак салгылашуу менен өз Мекенинин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп калгандарды биз өтө ыраазычылык жана сыймыктануу сезими менен эскеребиз.

Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында бекемделген белорус-кыргыз достугу биздин өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз боло тургандыгына ишенем.

Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чын дилимден бекем ден соолук жана Сиздин бардык пландарыңыздын жана саамалыктарыңыздын ишке ашырылышын, ал эми боордош Кыргызстандын элине – тынчтык, бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм. 

Урматтоо менен,

Александр Лукашенко”

 

2013-жыл 8-май