Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Армениянын Президенти Серж Саргсян Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Армения Республикасынын  Президенти Серж Саргсяндан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Жеңиштин 68 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Улуу Ата Мекендик жылдары нацизмге каршы күрөштө көрсөткөн кайталангыс эрдик жана кайраттуулук азыркы жана болочок муундар үчүн дайыма татыктуу үлгү катары жашап кала берет.

Согуштагы жана ооруктагы эмгектин каармандарынын өлбөс-өчпөс даңкы – жалпы байлыгыбыз,  армян-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн бийик руханий багытыбыз. Фашизмге каршы биргелешкен салгылашуу жылдарында катаал сыноодон өткөн элдерибиздин көп кылымдык  достугу Армения менен Кыргызстан элдеринин кызыкчылыгы, тынчтык жана туруктуулук үчүн мындан ары дагы бекемделе берээрине ишенем.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр кааларымды айтып коюуңузду өтүнөм.

Урматтоо менен,

Серж Саргсян”

2013-жыл 8-май