Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жолугушууну ачып жатып, ардагерлерди  мамлекеттин негизи, Улуу Женишти камсыз кылууга жана мамлекет тарыхын жазууга катышкан адамдар экендигин белгиледи. Президент ардагерлерге чың ден соолук каалап, дайыма элди жакшылыкка үндөп жүрүүнү өтүндү.

“Фронтовиктин уулу катары мен сиздерге узак өмүр каалайм. Сиздер бар - биздин бактыбыз бар. Бул майрамда биз  өлкөдө  жамандыктарды, чылыктарды  толугу менен  жеңебиз деген үмүт пайда болот”,-деди Президент.

2015-жылы Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун башка өлкөлөрү менен бирдикте Улуу Жеңиштиин 70 жылдыгын жалпы элдик майрам катары белилээрин кошумчалады. Буга байланыштуу ушул жылдын апрелинде тиешелүү жарлыкка кол койгондугун айтты.

“Жакында мен жарлыкка кол койдум. Биз Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого ыраатуулук менен даярдана беребиз. Ошого байланыштуу мен Өкмөткө ардагерлердин бардык маселелерин чечүү үчүн керектүү акча каражаттарын бюджетке киргизүүну сунуштадым. Эч ким көңүл бөлүнбөй, турак-жайсыз калбаш керек. Тилекке каршы учурда мындай фактылар бар”,- деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент жолугушуунун катышуучуларын мамлекет мында ары дагы  ардагерлердин проблемаларын чечүүгө көмөктөшөөрүнө ынандырды.

"Өлкөдөгу абал жакшырат деп ишенем. Быйыл биз ГЭСтердин курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыра баштайбыз. Сиздер ушуну өз көзүңүздөр менен көрсөңүздөр деп тилейм. Эгерде бизге жардам кылгыңар келсе – узак жашагыла!”, - деди Президент.

Өз кезегинде ардагерлер мамлекет башчысын көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришти. Согуш, андан кийинки жылдар тууралуу эскерип, өтүнүчтөрүн, сунуштарын айтышты.

Негизинен ардагерлердин социалдык маселелери, тактап айтканда турак-жай, медициналык жактан тейлөө, дары-дармек жана транспорт менен камсыз кылуу маселелери тууралуу кеп кылышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары ошону менен бирге мамлекет башчысы менен  улуттук саясат жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо маселелерин талкуулашты.

Биринчи даражадагы “Ата Мекендик согуш” орденинин ээси Петр Чесноков Президенттин көңүлүн дене тарбия, спорт маселелерин, сергек жашоону кеңири пропагандалоо зарылчылыгына бурду.

“Алмазбек Шаршенович, жаштар үчүн стадиондордун эшиги ачык ар дайым болушуна көңүл бурсаңыз. Дени сак улут – күчтүү мамлекет”,- деди ардагер.

Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмунун төрагасы, “Кызыл Жылдыз” жана “Сиңирген эмгеги үчүн” ордендеринин ээси Тарас Токомбаев Президентке согуштун ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу өтүнүчү менен кайрылды.

“Алмазбек Шаршенович, биздин катарыбыз суюлуп калды. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине көңүл бурсаңыз. Алар болбогондо  жеңишке жетишпейт элек”,- деди Тарас Токомбаев.

Жолугушуунун соңунда Президент катышуучуларды Жеңиш күнү менен куттуктап, эстелик сааттарды белек катары тартуулады.

2013-жыл 8-май